Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Ал 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн.
- 1995-жылы "Жамиля жана К" өндүрүш-коммерциялык фирмасынын директору;
- 1998-1999-жылдары айыл чарба продукцияларын өстүрүү боюнча "Азия-Сузак" дыйкан чарбасынын төрагасы;
- 2000-2007-жылдары "Мариям" ЖЧКсынын ун комбинатынын башкы директору;
- 2007-2009-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;
- 2009-2010-жылдары Өзгөчө кырдаалдар министри;
- 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты;
- 2015-жылы 4-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
5-апрелге карата жылнаама.