Бүгүн Бишкекте хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалынын беттештери орун алат

Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалынын алкагында алгачкы беттештер орун алат.

Шаардык муз тебүүчү аянтта өтө турган мелдеште 4 команданын беттеши күтүлүүдө. Анда "Ала-Тоо Дордой" командасы "Кеңеш" менен кез келсе, "Кыргыз Темир жолу" "Чолпон-Ата" командасы менен күч сынашат. Мелдеш саат 21:00дө старт алат.

Эртең, 6-апрелде жарым финалдын жооптук беттештери өтсө, 8-апрелде финал жана 3-орун үчүн беттеш өтмөкчү.

Беттештердин тизмеси:

5-апрель, жарым финал:

21:00 "Ала-Тоо Дордой" - "Кеңеш";

22:30 "Кыргыз Темир жолу" - "Чолпон-Ата".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
manaas
2018-04-05 12:51:01
Биз оштуктар футбольдон чемпионбуз, хоккейди нарындыктардан эч ким талашпай эле койсун.
+2
Lutfulla
2018-04-05 12:58:19
4 эле команда барбы хоккей бофнча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан