"Ала-Тоо" ресторанындагы массалык уулануу. Жабыркагандар куурулган тоок этинен ууланганы аныкталды

"Ала-Тоо" ресторанында тамакка ууланган коноктор куурулган тоок этинен ууланганы белгилүү болду. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору билдирди.

"Лабораторияга алынган азык-түлүктөр иликтенип жана жабыркагандарды текшергенде алардын организминен сальмонелла бактериясы табылган. Аталган бактерия азык-түлүктөрдөн эмес, даярдалган тамактан табылган. Жыйынтыгында, чийки азык-түлүктөрдү сактоодо жана тамакты даярдоо техникасынан кемчилик кеткен", - деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борбору учурда тамакка уулангандардын себебин аныктоону улантууда. Учурда "Ала-Тоо" ресторанынын ашканасында дезинфекциялык тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдогу тамак-ашка уулангандардын саны 234кө жеткен.

Массалык уулануу: Тойго баргандар, кешик жегендер болуп, жалпы 234 адам ууланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2018-04-05 12:24:01
Кытайдан келген тоок эти болуш керек
+5
noeli
2018-04-05 12:28:33
тыйыш керек да өзү тамакты, баарын аралаштырып малга окшоп жейбиз го тойлордо.
+3
Sultana17
2018-04-05 12:36:54
234 адам баары чогулуп ресторан дын поварын жетекчисин сотко бериш керек
+4
modem4999
2018-04-05 14:05:50
Окорочка жебегиле.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан