Эртең Бишкекте дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган спорттук мелдештер өткөрүлөт

Эртең, 6-апрелде Бишкек шаарында дене тарбия жана спорт кызматкеринин күнүнө арналган спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Аталган мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жана Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт аренасында 6-7-апрель аралыгында өткөрүлөт. Анда дене тарбия жана спорт кызматкерлери бир нече спорт түрү боюнча күч сынашат. Анда алар кичи-футбол, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, волейбол, армрестлинг, дартс, жеңил атлетика, аркан тартыш, шахмат жана гиря көтөрүү боюнча мелдештерге катышат.

Мелдеш 6-апрелде саат 9:30да старт алат.

Мелдештин программасы:

6-апрель: Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда:

9:30 - Мелдештин расмий ачылышы;

10:00 - Кичи-футбол боюнча тандап алуу оюндары;

10:00 - Волейбол боюнча тандап алуу оюндары.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт аренасында:

10:00 - Гиря көтөрүү боюнча мелдеш;

10:00 - Дартс боюнча мелдеш;

10:00 - Армрестлинг боюнча мелдеш;

10:00 - Стол үстүндөгү теннис боюнча тандап алуу оюндары;

10:00 - Шахмат боюнча тандап алуу оюндары;

16:30 - Тогуз коргоол боюнча тандап алуу оюндары.

7-апрель: Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда:

10:00 - Кичи-футбол боюнча жарым финалдык жана финалдык оюндар;

10:00 - Волейбол боюнча жарым финалдык жана финалдык оюндар;

10:00 - Стол үстүндөгү теннис боюнча финалдык оюндар.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы спорт аренасында:

10:00 - Тогуз коргоол боюнча финалдык оюндар;

12:30 - Шахмат боюнча финалдык оюндар;

12:30 - Жеңил атлетика боюнча мелдеш;

14:00 - Аркан тартыш боюнча мелдеш;

14:30 - Мелдештин жабылыш аземи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан