Кыргыз спортчулары Казакстандын Алматы шаарында 4-8-апрель аралыгында өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышууда.
Аталган мелдешке Кыргыз өлкөсүнөн 11 бильярдчы катышууда, алардын арасында Дүйнө чемпиондору Дастан Лепшаков жана Каныбек Сагынбаев бар.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
Каныбек Сагынбаев - Эмгек сиңирген спорт чебери;
Дастан Лепшаков - Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Канат Сыдыков - Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Ызат Ратбеков - Эл аралык даражадагы спорт чебери;
Арсен Каленбаев - Спорт чебери;
Диана Абыкеева - Спорт чеберге талапкер;
Мирлан Абдыкаров;
Кайрат Абсатаров;
Алмаз Сейдибакасов;
Даниел Ажибек уулу;
Руслан Кутчубаев.