"Cosmopolitan" журналынын башкы бетине робот-модель чыкты

"Cosmopolitan India" журналынын башкы бетине София аттуу робот-модель чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Жакында эле индиялык дизайнер Тания Хануджинин көйнөгүн кийген робот-модель София "Cosmopolitan India" журналынын башкы бетин кооздоду. Журналдын редактору Нандини Бхалла: "Биздин журналдын башкы бетине робот-модель чыгарын такыр элестеткен эмесмин. Бирок София акылдуу, тамашакөй экен. Ал сүйлөшүүгө коробка кийип келди. Анан да ал маек учурунда дүйнөнү башкаруу планында жок экенин айтты", - деп билдирген.

Кошумчалай кетсек, София атуу робот-моделди гонконгдук компания жасаган. Анын жүзүн британиялык актриса жана модель Одри Хепбёрндин келбетинин көчүрмөсүнөн жаратканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Zainidin96
2018-04-05 17:12:39
Окшошуп калат экен акго бул индиялыктар капкара болчу эле же компьютерден агартып койгонбу не помню
-3
aIways-here
2018-04-05 17:52:35
Zainidin96, Британиялык актрисанын көчүрмөсү деп турат, каякта Индиялык аял деп турат? Жана да Индиялыктардын баары эле капкара болбойт, аппак сапсары адамдары да бар
-1
UmsunaiTem
2018-04-05 19:06:45
Робот болгон да кандай сонун.! Кайгы капа жок. Жапжаш бойдон.жузуно бырыш тушуу деген жок!
-2
Toktaiym
2018-04-06 10:17:19
Келечекте роботтор кадимкидей жаныбызда эле журуп калат окшойт. Мисалы мурун телефон деген жок болчу а азыр жашообуздун бир болугу го
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан