Борбор калаада мэрдин кубогуна арналган футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, бул мелдешке Кыргыз өлкөсүнүн бардык аймактарынан, Казакстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышты. Анда 2000-жылы төрөлгөн жана андан кичүү спортчулар футбол, волейбол жана баскетбол боюнча мелдештерде күч сынашты.
Волейбол боюнча мелдештин финалында Алматы менен Жалал-Абад командалары кез келишти. Беттештин жыйынтыгында казакстандык спортчулар 3:0 эсеби менен жеңишке жетти.
Футбол боюнча мелдеште Бишкек командасы менен Тажикстандан келген командалар финалда күч сынашты. Беттештин жыйынтыгында Кыргыз футболчулар 2:1 эсеби менен жеңүүчү аталды.
Ал эми баскетбол боюнча мелдеште 1-орунду Бишкектин курамасы ээлесе, 2-орунду Жалал-Абад командасы ээледи.