Баткен облусунун Орто-Чечме айылында курал табылды
10-июнда Баткен облусунун Орто-Чечме айылында курал
табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы бүгүн, 18-июнда билдирди. Маалыматка
ылайык, курал тууралуу чек арачыларга мал кайтарган адам билдирген. 1963-жылы чыгарылган
бул гранатомёттун үлгүсү РПТ-7 . Табылган курал боюнча УКМКнын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү
тергөө амалдарын жүргүзмөкчү.