Жогорку Кеңеште Кыргыз жарандарынын Сербияга визасыз барып 90 күн жүрүүсүнө жол ачкан мыйзам долбоору жактырылды

Кыргыз өлкөсүнүн жана Сербиянын жалпы жарандык паспортторуна ээ болгон жарандар эки өлкөнүн аймагында визасыз 90 күнгө чейин жүрүүсүнө жол ачылат. Буга байланышкан ратификациялык мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 5-апрелдеги жыйынында экинчи окууда колдоду.

Эки тараптуу келишим туризм, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү шарттайт. Ушундай эле эки тараптуу келишим Чили өкмөтү менен да түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда 30га жакын өлкө менен ушундай келишим түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан