Британияда роботтун жардамы менен бейтапка операция жасалды

Британияда хирургдар роботтун жардамы менен бейтапка операция жасашты. Бул тууралуу маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 63 жаштагы Кристин Локтон рак илдетине чалдыккан. Мындан улам анын эки органын алып салуу керек болгон. Операцияны Винчи Си (Vinci Xi) аттуу робот жасап, Кристин Локтондун жоон ичегисин жана жатынын алып салган. Ал эми хирургдар операция учурунда роботту башкарууну колго алган. Бир нече саатка созулган операциялык процесс ийгиликтүү болгон.

Кристин Локтондун абалы канааттандырарлык болуп, ооруканадан тез эле үйүнө чыккан. Ал "оор операциядан кийин тез арада эле бутума туруп, үйгө келем деп ойлогон эмесмин", - деп айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Benazir08
2018-04-06 08:56:32
Замандын онукконун тообо. Биздин 120ны да ар кандай органдарын алып салсынчы
0
Kg.arts.
2018-04-06 09:05:44
Темасын бир аз озгортуп койсонор. Органын алып салган десенер робот башкаруудан чыгып кеткен окшойт деп ойлоптурмун.
+3
Lilireinhart18
2018-04-06 12:01:31
Kg.arts.,мен да ошентип ойлогом каалагандай иштей берет экен да деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан