Бүгүн Жогорку Кеңештин эки фракциясы башкы прокурор Индира Жолдубаевадан отчёт алат

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" жана "Республика-Ата Журт" фракцияларынын жыйыны өтөт.

Жыйында 2017-жылы өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор Индира Жолдубаеванын отчёту каралат.

Жолдубаева түшкө чейинки убакытта "Ата Мекен" фракциясынын, түштөн кийин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынына катышат.

Башкы прокурордун отчёту Жогорку Кеңешке март айынын башында келип түшүп, аны кароо апрель айынын календарлык планына киргизгени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан