Түркмөнстанда кыз-келиндерге купальник жана чолок шым кийүүгө тыюу салынды

Түркмөнстанда кыз-келиндерге купальник жана чолок шым кийүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эми Түркмөнстандын чек арасынан купальник менен чолок шымдар өткөрүлбөйт. Аталган кийимдер эмне үчүн өткөрүлбөй турганы бажы бекетинде иштегендерге түшүндүрүлгөн эмес. Ага карабай өткөн жылы жайында абанын температурасы +50 градус ысык болуп турганда жергиликтүү тургундар арасында бул кийим абдан популярдуу болгон. Чолок шымдарды кийүү кыз-келиндерге гана эмес, мырзаларга да тыюу салынды. Айрымдар мындай тыюу иштерин “түркмөн кыз-келиндеринин адеп-ахлагын сактоо максатында жасалууда" деп болжолдошот.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Түркмөнстанда мамлекеттик мекемелерде иштеген айымдарга тырмак боёгонго, өстүргөнгө, чачты ачык түскө боёгонго, алтын тагынууга тыюу салышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
aIways-here
2018-04-06 09:50:28
Мажбурлоо күчкө салып адамдарды тыю эч качан жакшылыка алып барбайт аягы. Бузулган кыз оронуп жүрүп деле бузулушу мүмкүн. Көрүп эле жүрбөйбүзбү эл көзүнө оронуп, кылган иши башка. Адамдын ичи таза болуу керек сырты эмес.
-21
karakulja
2018-04-06 09:56:36
aIways-here,ХХХХХХХХХХХХ
+12
aIways-here
2018-04-06 10:00:49
karakulja, ХХХХХХХХХХХХ
-11
admin_media
2018-04-06 10:59:31
aIways-here, karakulja,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
0
nuri1
2018-04-06 10:40:08
aIways-here,
Туура. Ар кимдин озунун иши. ХХХХХХХХ Эртен жай келет. Баарыбыз Ыссык колго купальникчен, турсичен тушо беребиз.
-6
Cleo-13
2018-04-06 09:52:20
Жакшы экен
+12
Toktaiym
2018-04-06 09:53:49
Жакшы жанылык го?!
+11
Dalil
2018-04-06 09:56:30
Бизде өткөн жылы эжекелерибиз чолок шым кийгендерди сындаганы үчүн мечитке чейин жөө жүрүш жасады эле. Тыюу салса элестете албайм кандай болот. Үйүндө сөзү өткөн эркек жоктугунан ушинтип кийинишсе керек деп ойлойм.
+14
aIways-here
2018-04-06 09:58:34
Dalil, Ысык-Көлгө, бассейндерге да барбоо керек анда. Сен барбай коё аласынбы мисалы. Аялдар өлүп кетсин эркектерге тыю салганы эмнеси? 40-50 градуста көчүгүң бышып, ыштан кийип жүрүш керек экенда.
-12
Dalil
2018-04-06 10:25:58
aIways-here, жайында да чолок шым кийбей эле жүрөм. Бышпай-этпей эле жүрөт. Эркектин чолок шымы тизени жапса шарият да жол берет. Шым десе эле эмне кышкы калың шым киймек белең бышып кеткидей. Ысып бышып кетет дегендер жөн гана кыска ачык кийинүү үчүн айтылган жүйөө.
+7
kechirmeni
2018-04-06 10:34:24
aIways-here,Араптар 50 градуста деле бышпай эле жабык кийинип журушот го, мен араптын кийимин кий дебейм бирок жабык узун кийинген жакшы, тозоктун оту бул дуйнонун отунан 70 эсе ысык, ошол оттон Кудай сактасын!
+11
aIways-here
2018-04-06 10:38:21
kechirmeni, Арабдар ак ысык өткөрбөй турган атайын ошондой кийим киет. Баардык арабдар кийбейт, Сауд Арабиядан башкасы бизден бетер ачылып чачылып кийинет.
-6
bond02
2018-04-06 10:00:11
эн туура.
+8
yasin11
2018-04-06 10:16:20
Биз арнерсени айтып талаша беребиз бирок туура кылып жатат таза кандарын сактап калат келечеке
+8
aIways-here
2018-04-06 10:31:24
Бул жерде жалаң Исламий күйөрмандар экенсиңер. Ошол силер туура деген Түркмөнстанда Ислам дини катуу козомолго алынып, айрым нерселерге тыю салынганын билээр бекенсинер, жана ошондо да ушинтип туура дейт эленерби, мендейлерге минус басып?
-9
Petrovka
2018-04-06 10:37:45
Туура чечим экен бизге да ошондой болсо жакшы болмок
+9
maks992
2018-04-06 11:03:36
мусулман бизго акыры ошентсе жакшыго биздеда ошентиш керек
+4
Mirlan27011987
2018-04-06 11:08:58
Ушинтип койсок эле туркмон аяларды онолуп кетет деп ойлошот окшойт. Мажбурлоонун аягы жакшылыка алып келбейт. Азыр туркменияда нан жетпей кыйналып жатышат. Коррупцияга абдан батып калышкан. Андан коро ошолду катуу козомолдойбу. Бийликтин алы жеткени кыздардын купальниктери калыптырбы. Купальник кыздардын суюктуу кийими. Жон эле коюшса болмок. Жумурткадан кыр издей беришет.
-9
kechirmeni
2018-04-06 11:18:53
Mirlan27011987,Анан чечинип алса онолуп кетеби ошондо
+4
zhaku2017
2018-04-06 11:32:54
Алдуулар айнышса, алсыздардын шоору. Байкуш туркмон аялдары эркиндигинерди, укугунарды коргоого аракет кылгыла.
-5
mira28
2018-04-06 14:28:26
Баарынар эле акылдуу болуп кыз келиндерди сынга алганы келгенде созунор бутпой калат.Тыйуу салууну мамлекетке такабай ушул жерде чолок шым менен купальнике каршы чыккандар озунордун айлана тегерегинерден баштагыла.Эже карындаш синди колукту бир жолудан коз алдынардан откоруп чыккыла.Кеминде ушул жерде сайраганынардын 80 90 проценттинде чолок шымчан тууганы болсо керек.Мына ошолорго айткыла бутпос акылынарды.Арабтар кундон сактануу учун ак дамбал койнок кийишет ал эми,
-3
mira28
2018-04-06 14:32:52
Ал эми белгилуу арабский танецтин формасын кайсы олко ойлоп тапты экен.Кыздары жарым жыланач бийлеп жатса ак ыштанчан кишилер устунон акча чачып турат.Андай салттары корунбойт эч кимге.Ошолор сыяктуу эле Туркменияда ото сырын ичине каткан олко.Канчалык тыйуу салбасын ичинде былыгы коп чыгат бирок сыртка чыгарышпайт.Биздин кыргыздын эркектери акыркы жылдары кыз келиндерди сыноо боюнча ото алдыга отуп кеттинер .Тарбияны эркектерден баштасак жакшы болмок.
0
AKCAHAT
2018-04-06 17:04:37
Биринчи президенти баардык жогун оккупация кылганды койосун))) Туркменияга суктанбай эле койгула кучукторум, Туркменбашыдай президент башкарып калса биринчи ушуердеги эркектер чыкмак таш которуп площадка кыргыздар чыдабайт ал жактагыдай жашоого. Ол десе олот,тирил десе тирилишет.
-3
kasiko
2018-04-07 20:42:47
Кийимге тыюу салган, глобалдуу проблема эмес, бизде да ошентсе каршы болмок эмесмин. Бир жагынан аябай эконом болмок корунгон кийимди мода деп сатып ала бербей. Узун анан кенен асты усту бир болгон жакшы кездемеден тигилген, комбинизондор стилдуу анан ынгайлуу болмок, же кофта менен юбка-шымдар жай учун сонун вариант.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан