WhatsApp`тагы топтор колдонуучу тууралуу жеке маалыматты чогултат

WhatsApp тиркемесиндеги топтордо сүйлөшкөн колдонуучулар тууралуу жеке маалыматтарды чогултууга мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай изилдөөнү британиялык Гарет Тайсон жана швейцариялык Киран Гаримелла аттуу адистер жасаган. Алар аталган тиркемедеги топтун ар бир колдонуучусу тууралуу жеке маалыматтарды, ал кандай шилтемелер менен бөлүшүп жаткандыгын оңой эле билип алууга мүмкүн экенин айтышкан. Анткени билдирүүлөр аркылуу келген маалыматтар смартфондун локалдык базасында сакталып каларын кошумчалаган.

Адистер өздөрүнүн практикасында WhatsApp тиркемесиндеги 178 топту веб-издөөнүн жардамы менен табышкан. Ошондой эле 46 миң колдонуучунун жарым миллиондон ашуун билдирүүлөрүн окуган. Алардын бөлүшкөн видеолорун, шилтемелерин дагы көрө алышкан. Мындан тышкары тиркемедеги топтун катышуучуларынын номерлерин да аныкташкан.

Белгилей кетсек, жеке маалымат чогултуу үчүн ошол топко кошулуу керек. Бирок катталганга чейинки билдирүүлөрдү чогултууга мүмкүн болбойт.

Кошумчалай кетсек, WhatsApp тиркемеси iPhone системинин колдонуучулары үчүн эки колдонуучунун бири-бири менен сүйлөшкөн же сүйлөшпөгөндүгүн, акыркы жолу качан онлайн режимде болгондугун (көрсөтүүчү функцияны өчүрүп койгонуна карабай), качан уктоо үчүн жатканын жана ойгонгонун билүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн функцияны иштеп чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nurmuhammed2016
2018-04-06 10:44:46
Укмушко.
0
Pandora
2018-04-06 12:41:04
Ушул корунушто кете берген болсо,эс кимиколдонбой калатго,башка соц тармактарга отуп.Ар бир кадамынды чукуй берсе кимге жаксын?
+5
nargiz94
2018-04-06 14:00:37
Керреги жок бизге, кыргыздарга. Тынч эле жашайлычы.
+1
AKCAHAT
2018-04-06 16:58:02
Ватсап эмес эле мандайына койулган камера болот го, уктап турганына чейин маалымат берилсе бул Эми Ото эле ашыкча
0
Aitun
2018-04-06 18:04:04
Олсун жакбады мага олотго кечке итаг эле неге онлайнсын дегени аз келгенсип
0
abon
2018-04-06 20:06:05
ватсаптын ээлери да уже шпион болду го. не пайда табат Эми??? эчкимге жакпайт
+1
tyrgon
2018-04-07 19:24:26
биротоло ким менен жатканын чыгаргыла
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан