Кытайдын Вэньлин шаарында "мен өлгөндөн кийин сөөгүмдү өрттөп, күлүн деңизге чачууга уруксат берем" деген карыларга акча төлөө долбоору ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Кытайдагы жерге берилген сөөктөрдүн көптүгү жаратылышка зыян келтирип жатат. Муну алдын алуу максатында көзү тирүү кезинде карылар менен келишим түзүлүп, ага акча төлөп берүү долбоору ишке киргизилген. Келишимге кол койгон карылардын сөөгү өрттөлүп, күлү деңизге чачылат.
Карылардын макулдугун алуу үчүн атайын акчалай сыйлыктар уюштурулган. Макулдугун берген 70 жаштан жогору курактагы карыларга ай сайын (каза болгонго чейин) акча төлөнөт. Шаар тургунунун жаш курагы улуу болсо, акчалай сыйлык көп берилет. Мисалы, 80 жаштан 90 жашка чейинкилерге 1 айга 32 долларга чейин төлөнсө, 90 жаштан 100 жашка чыккандарга 48 долларга чейин берилери келишимде көрсөтүлгөн. Эң көп жашаган, тактап айтканда, 100 жаштан ашкандар үчүн 64 долларга чейин акча төлөнүп берилерин кытай басылмалары жазып чыгышты.
Аталган долбоорго катышууну каалаган жергиликтүү Дай Юйинь аттуу тургун өз оюн билдирген. "Мен балыкчымын. Деңиз - бул менин экинчи үйүм. Өлгөндөн кийин экинчи үйүмө барууну каалайм", - дейт ал.
Сөөктү жерге берүү жаратылышка зыян келтирип жатканын алдын алуу үчүн аталган шаардан тышкары ар кайсы региондордо мындай долбоордун башка түрлөрү ишке киргизилген. Мисалы, сөөктү мештерге салып өрттөө, абага көмүү (өлүктү даракка асып коюу).
Негизинен Кытайда өлүктү көмүү салты боюнча сөөк жыгач табытка салынып, мурда көмүлгөн туугандарынын жанына коюлуусу керек. Бирок шаар бийлиги "өлүктү көмүүнүн мындай жолу көп жыгачты жана жер тилкесин талап кылат" деп билдирген.
БУУнун калкты эсептөө департаментинин берген маалыматына ылайык, 2018-жылга карата Кытайда 1 миллиард 415 миллион калк жашайт. Ал эми өлүм статистикасы боюнча 2010-жылдан 2015-жылга чейин 48 миллион жаран өлгөн деген көрсөткүч чыккан. Орто эсеп менен алганда Кытайда бир жылда тогуз жарым миллион жаран өлдү дегенди түшүндүрөт.
Ал эми демографиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен 2015-2020-жылдары Кытайда 53 миллионго жакын адам өлөрү болжолдонууда. Тактап айтканда, бир жылда 11 миллионго жакын адам өлөт.
Адистердин айтымында, Кытайдагы узак өмүр сүрүү медициналык кызматтын жакшыруусу жана "Бир үй-бүлө - бир бала" саясаты себеп болууда дешет. Бирок бул долбоор 2016-жылы өз ишин токтоткон.