2017-жылы коррупциялык иштердин айынан мамлекет 670 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди. Жыйында фракция Башкы прокуратуранын бир жылдык отчётун угуп жатат.
Депутаттын айтымында, аталган сумманын 18 миллион 351 миң сом бюджетке кайтарылган. "Мамлекетке кайтарылган көлөм жалпы зыяндын 2,7 пайызын гана түзөт. Эмне үчүн мынча аз кайтарылды?" - деп сурады Мамашова.
Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков жооп бергендей, калган сумманы кайтаруу боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.