"Мээрбек Мискенбаевдин "Кыргыз көмүр" ишканасынан 3 миллион сом алганы аныкталса кылмыш иши козголот", - деп бүгүн, 6-апрелде "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков билдирди.
Фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов Мээрбек Мискенбаев буга чейин "Кыргыз көмүрдөн" 3 миллион сом алганы далилденгенин, прокуратуранын ага карата кандай чара көрөрүнө кызыкты.
"Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Мискенбаев 3 миллион сом алганын далилдеген. Дегеле Мискенбаевге прокуратура кандай чара көрөт? Кылмыш иши ачылыш керек да", - деди Шыкмаматов.
Бөкөнбай Казаков факты далилденсе, ага карата кылмыш иши козголо турганын айтты.