"Ата Журт" фракциясынын депутаттарынын бардык беренелер боюнча акталышын кандай кабыл алдыңыз?

“3-октябрдагы митингде бийликти күч менен басып алууга аракет кылган”, "Өлкөдөгү конституциялык түзүлүштү уратууга чакырык жасаган" деген беренелер менен айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 1 жылдан 1,5 жылга чейин соттолгон “Ата Журт” фракциясынын депутаттары Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов 17-июнда Бишкек шаардык соту тарабынан бардык беренелер боюнча акталып, камактан бошотулушту. Мындай чечимди саясаттан, мыйзамдуулуктан, сот иштеринен кеңири түшүнүгү бар инсандар кандай кабыл алышты? 

Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты:

- Сот акыркы чечимин айта элек. Учурда айыптоочу тарап менен коргоочу тараптын "акыйнек" айтышуусу бүтө элек. Себеби прокуратура Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди. Сот системи бири-биринин кетирген катачылыктарын көрүп, туура чечим чыгарыш үчүн 3 инстанциядан турат да. Ошондуктан Жогорку Сот бул ишке өз баасын берип, тиешелүү чечим чыгарат. Ал эми шаардык соттун чыгарган чечимин мен факт катары кабыл алдым.

           

 Бакыт Бакетаев, серепчи:

- Бул чечимди жакшы кабыл алдым. "Бийлик уттурду", "баланча утту" деген сөздөр болуп жатат. Бирок менин баамымда, бардыгы утту. Эл дагы, президент дагы, депутаттар дагы. Бул чечим сот системинде реформа болуп жаткандыгын көрсөттү. Кыргызстан дагы бир тепкичке көтөрүлдү десем болот. Эми бийлик дагы оппозиция дагы, 1 ай эс алууга чыгып, андан соң саясий оюндарга берилбей, социалдык маселелерди чечкенге аракет кылышы керек.

 

Марс Сариев, серепчи:    

- 20 жылдан бери Кыргызстанда уламдан улам мыйзам бузулуп отуруп, ушуга жеттик. Бийлик элитасы бири-бири менен сүйлөшүп алганы көрүнүп турат. Ошондой эле эл дагы экиге бөлүнүп кетти. Бири "мыйзам чегинде чечсе болмок" десе, экинчи тарап майрам уюштурганы жатышыптыр. Мындай чечимдин чыгышы Кыргызстан үчүн адаттагыдай эле көрүнүш да. Чечим ушул боюнча калат деп ойлобойм, себеби Жогору Сот чечим чыгара элек.

 

Курмантай Абдиев, ЖКнын депутаты:

- Бир жагынан алып караганда күтүүсүздөн кабыл алынган чечим болду. Буга чейин коомдук жактоочу катары соттук отурумдарга барып жүрүп объективдүү чечим чыгарына ишенич деле калбай калган. Отурум кандайдыр бир алдын ала даярдалган сценарий менен жүрүп жаткандай сезилген. Юрист катары, 30 жылдык тажрыйбага ээ адис катары мындай калыс чечим чыкканына ыраазымын. Бирок эми чечим күчүндө калабы же жокпу али белгисиз. Себеп дегенде мамлекеттик айыптоочулар Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылуусу мүмкүн.

 

Айбек Бузурманкулов, жаш саясатчы:

- Бул чечимди таң калуу менен кабыл алдым. Саясий чечим болуп калды десем жаңылышпайм. Бул иш боюнча башкы прокурор Аида Салянова  дагы, президент Алмазбек Атамбаев дагы өз позицияларын билдиришкен эле, бирок тынбай болуп жаткан митингдерге байланыштуу ушундай чечим чыгып калды. Бул чечим соттордун алсыздыгын дагы бир ирет далилдеп койду.

 

 

 

Кубанычбек Идинов, саясий серепчи:

- Бул чечимди туура кабыл алдым. Себеби бир жагынан эл толкуп жатса, бир жагынан “Кумтөр” маселеси чечилбей жатса, бул депутаттарды камап коюунун кажети жок болчу. Бул чечим мыйзамга ылайык чыгарылды деп ойлойм. Себеби депутаттардын күнөөлөрү толук далилденген жок да. Алар “Кумтөр” боюнча маселени көтөрүп чыгышып, ушул окуяга туш болуп калышты. "Бийликти басып алууга аракет кылды" деген туура эмес, себеби бийликти басып алгыдай деле күч жок болчу.

  

Сейтек Качкынбаев, саясат таануучу:     

Кыргызстандагы сот реформасынын абалы тууралуу кепти мен айтпай эле коёюн, аны "иттин уулу Байгара деле" эчен-эчен айтып жатат. Жалпы жонунан саясий чечим болгондой таасир калат. Бул чечимдин чети бир жума мурун эле президент тарабынан көз кысты сыяктуу айтылган болчу. Биз азыр мыйзамдын үстөмдүгү эмес, прессинги күчтүүнүн үстөмдүгү деген доорду басып өтүп жатабыз. Мындай саясий чечимдер моралдык жактан туура болуп, тактикалык жактан саясий стабилдүүлүктү кармап турганга пайдасы тийиши мүмкүн. Бул жакынкы аралыкта, балким, бирөөлөр үчүн ыңгайлуудур. Мындай көрүнүштөр Кыргыздын келечегине сабак болуп, ушуну менен мейли десе болор эле, бирок алыскы мөөнөттө перманент ооруга айланып, "кыргыз коомунда мыйзам                                                      үстөмдүгү эч качан орнобойт" деген нерсеге эле айланып кетпесе болду.

"Ата журтчу" депутаттардын акталышын кандай кабыл алдыңыз?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан