КҮНСЕРЕП: "Ош базарынын" соодасы бүттүбү?

Бишкектин “Ош базары” кайрадан өрттөнүп кетти. Тилсиз жоо түнкү саат 3:00 чамасында базардын “Берекет” түйүнүнөн чыгып, Өрт өчүрүү кызматы 1 сааттан кийин келген. Жалын 4 сааттан кийин чектөөгө алынып, түштөн кийин толук өчүрүлдү.

Жабыр тарткан соодагерлер “өрт чыкканда ыкчам кыймылдаган жок” деп базардын администрациясына, коопсуздук кызматына нааразы. Ал эми Өрт өчүрүү кызматы чакыруу кеч түшкөнүн, адегенде чогулгандар өрттү өз алдынча өчүрүүгө киришип, 101 кызматына кеч чалышкан дейт ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Азимбек Чаргынов. "Ош базарынын" жетекчиси Марат Момункулов өрттүн келип чыгышы боюнча экспертизанын жыйынтыгына жараша жабыркаган ишкерлерге компенсация төлөнүп берилерин айтат. Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов базар бирөөлөр тарабынан өрттөлгөн болушу мүмкүн, экспертиза жыйынтыгын күтүү керек деди. Соодагерлер да базарды кимдир-бирөө атайын өрттөдү деген пикирде турушат.

Жабыркагандар Ак Үйдүн алдына барып талаптарын айтышты. Алар келтирилген зыяндын ордун толтуруп, күйүп кеткен контейнерлерди калыбына келтирип берүүнү жана 1 жылга ижара төлөөдөн бошотууну суранууда. "Ош базарындагы" бүгүнкү окуя боюнча "бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу" жана "өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" беренелери менен кылмыш иши ачылды.

Жыл башынан бери “Ош базарында” 3 жолу өрт чыкты. 30-январда базардын “Сейтек” жана “Берекет плюс” түйүнү өрттөнгөн эле. Анда тилсиз жоо өрт коопсуздугун сактабагандыктан электр зымдарынан келип чыкканы айтылган. Жабыркагандарга жардам берүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, анда 150 адам компенсация сурап арыз жазган. Текшерүүдө 74 гана соодагер патент менен иштеп, Социалдык фондго акча төлөп жүргөнү аныкталды. Комиссия 5-мартта ушул 74 адамга гана жардам берүүнү (кредиттерин төлөө шартын жеӊилдетүү) чечип, ал эми патентсиз соодагерлерге эч кандай жардам берилбей турганын билдирди. Дал ушул күнү "Ош базарында" дагы бир өрт чыкты. Кызыгы, өрт базардын 30-январда өрттөнгөн бөлүгүнөн чыгып, анда да соодагерлер базарды атайын бирөө өрттөдү деп чыгышкан. Жоромол чын чыгып, экспертиза базар бирөөлөр тарабынан өрттөлгөнүн аныктады. Бирок күнөөлүүлөр кармала элек.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов "Ош базарын" шаардын сыртына көчүрүү аракети жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, бул жаатта долбоор даярдалып, учурда өкмөт менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Базар шаардын батыш тарабына көчүрүлүшү мүмкүн. Себебин мэр "бул базарда кырсыктар көп болуп жатат" деп түшүндүрдү.

Ал эми базардын өрт коопсуздугу 30-январь жана 5-марттагы кырсыктардан кийин толук текшерилди беле? Бул окуялар боюнча кимдер, кандай жоопкерчилик тартышты? Соода түйүндөрү 100 пайыз өрт коопсуздугу жаатында талаптарга жооп берет деген кепилдик барбы? Бул суроолор ачык бойдон калууда...

Жогорку Кеӊеште фракциялар өкмөттүн 2017-жылкы иши боюнча премьер Сапар Исаковдун отчётун угууда. 11-апрелде КСДП Исаковдун отчётун “канааттандырарлык” деп тапты. Бүгүн эртеӊ менен отчётту оппозициялык “Республика–Ата Журт” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары укмак, бирок эки фракция теӊ “Сапар Исаков өзү келип маалымат берсин” деп кароодон баш тартышты.

Вице-премьер Дайыр Кенекеев өкмөт башчы күн мурун бекитилген графикке ылайык, Чүйдө иш сапары менен жүргөнүн айтты. Исаков түштөн кийин “Кыргызстан” фракциясына келип өкмөттүн 1 жылдык иши боюнча отчёт берди. “Кыргызстан” фракциясы парламентте башкаруучу коалицияда мүчө, отчётту “канааттандырарлык” деп тапты.

Көрүнүп тургандай, Сапар Исаков коалициялык көпчүлүктөгү фракцияларга өзү барып, ал эми оппозициялык фракцияларга орун басарын жөнөтүүдө. Өткөн аптада “РАЖ” менен “Ата Мекендин” жыйынына башкы прокурор Индира Жолдубаева да отчёт берүүгө келбей койгон. Кечээ депутат Каныбек Иманалиев өкмөттү отставкага кетирүү боюнча “Ата Мекен” менен “Өнүгүү-Прогресс” өз ара макулдашканын айткан эле. Бүгүн “Өнүгүүнүн” лидери Бакыт Төрөбаев “ал Каныбек Иманалиевдин жеке пикири. Биз өкмөттүн отчётун уккандан кийин жыйынтык чыгарабыз”, - деди. Учурда өкмөт 1 жылдык иши боюнча отчётунун негизинде отставкага кетет же коалициялык альянстын бузулушу менен тарайт деген жоромол күчүндө...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан