Филиппиндик аял 4 жылдан бери жолдошу менен кызын байкатпастан сүрөткө тартып жүргөн. Бул тууралуу ал социалдык тармактардын бириндеги жеке баракчасына жазып чыккан.
"Жолдошум жана кызым. Бул сүрөттөрдү 2014-жылдан бери тартып келе жатам", - деп жазган ал.
Маалым болгондой, сүйүктүү жар жана мээримдүү эне үй-бүлөсү үчүн күтүүсүз, бирок жагымдуу белек тартуулоону чечкен. Мындан улам 4 жылдан бери аларды арт жагынан байкатпастан сүрөткө тартып, сактап жүргөн. Ушул кезге чейин жалпысынан 16 сүрөт тартууга жетишкен. Андан кыздын чоңоюп жатканын даана байкоого болот.
"Мен бул сүрөттөрдү жолдошума көрсөтө элекмин. Жоготуп албоо үчүн гана социалдык тармакка жүктөп койдум. Жолдошум интернетке кызыкпайт. Андыктан менин сюрпризим тууралуу да билбейт деп ойлойм. Мен муну менен токтоп калбастан, кызым 18 жашка чыкканга чейин байкатпастан сүрөткө тартып алгым келет", - деп кошумчалаган ал.