Кыргыз мушкерлер Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште 5 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Павлодар шаарында 1-6-апрель аралыгында өткөн мелдеште Кыргыз мушкерлер 3 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алышты.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
64 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Бек Камчыбеков
69 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Абдурахман Абдурахманов
91 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Чыңгыз Борбашев
49 килограммга чейинки салмак ченинде:
2-орун: Мирлан Туркбай уулу
56 килограммга чейинки салмак ченинде:
2-орун: Сирожиддин Абдуллаев.