Хоккей боюнча Өлкө чемпиондугу: Финалда "Ала-Тоо Дордой" менен "Кыргыз темир жол" командалары күч сынашат

Кечээ, 6-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин жарым финалынын жооптук беттештери орун алды.

Шаардык муз тебүүчү аянтта "Кыргыз темир жол" менен "Чолпон-Ата" командалары кез келди. Беттештин жыйынтыгында "Кыргыз темир жол" командасы атаандашын 9:0 эсебинде жеңип финалга аттанды.Жарым финалдын жалпы жыйынтыгында "Кыргыз темир жол" командасы 18:1 эсебинде "Чолпон-Ата" командасынын үстүнөн жеңишке жетти.

Эми финалда "Кыргыз темир жолу" "Ала-Тоо Дордой" командасы менен беттешсе, 3-орун үчүн беттеште "Кеңеш" менен "Чолпон-Ата" командалары күч сынашат.

Финалдык оюндар эртең 8-апрелде орун алат. Анда 3-орун үчүн беттеш саат 8:30да өтсө, 1-орун үчүн беттеш саат 18:00дө өтөт.

Бишкекте хоккей боюнча Өлкө чемпиондугунун жарым финалы старт алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан