УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Маалыматка ылайык, ал Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору болуп турган. Болот Сүйүмбаев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулгандыгы маалыматта жазылат.
Буга чейин УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин да кызматтан бошотулгандыгы белгилүү болгон.