Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чындоо комплексинде (ФОК) согуш жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугу өтүүдө.
Аталган мелдеште Азиянын 15 өлкөсүнөн 200гө чукул спортчусу келип, медалдар үчүн күрөшүүдө. Спортчулар 16, 18 жашка чейинки жана 18 жаштан жогору жаш категориялар боюнча жана 8 салмак ченинде күч сынашууда. Мелдеш бүгүн, 7-апрелде старт алып, 8-апрелге чейин уланмакчы.