Бүгүн, 7-апрелде Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык беттештери орун алды. Ага Кыргыз өлкөсүнөн Дастан Лепшаков менен Канатбек Сыдыков өтө алган.
Кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков чейрек финалда орусиялык Иосиф Абрамов менен кез келди. Беттештин жыйынтыгында Лепшаков 2:6 эсебинде орусиялык спортчудан жеңилип калды. Муну менен Абрамов жарым финалга өтсө, Дастан Лепшаков Дүйнө биринчилигинде 5-орунду ээледи.
Айта кетсек, Дастан Лепшаков буга чейин германиялык Константин Ковалевскийди (6:0 эсебинде), казакстандык Гани Шардарбековду (6:2 эсебинде) жана орусиялык Сергей Тузовду (6:0 эсебинде) жеңип алган.
Кыргыз бильярдчы Канатбек Сыдыков чейрек финалдык беттеште Украинанын эл аралык даражадагы спорт чебери Дмитрий Белозеров менен кездешти. Беттештин жыйынтыгында Сыдыков 2 партияда жеңишке жетсе, украиналык бильярдчы 6 партияда жеңүүчү болду.
Муну менен украиналык спортчу жарым финалга өтсө, Сыдыков 5-орунду ээледи. Белгилей кетсек, Канатбек Сыдыков мелдештин жүрүшүндө болгариялык Виктор Климовду (6:0 эсебинде), казакстандык Алибек Омаровду (6:5 эсебинде) жана орусиялык Андрей Фрейзениндин үстүнөн (6:3 эсебинде) жеңишке жеткен.
Ошондой эле бул мелдеште Кыргыз бильярдчысы Ызатбек Ратбеков 9-орунду ээлесе, Даниел Ажибек уулу, Алмаз Сейдибакасов жана Арсен Каленбаев 17-орунду ээлешти.