Дзюдо боюнча "Гран-При Анталия" мелдеши: Кыргыз дзюдочулар 2-күнү дагы байгелүү орундарга илинбей калышты

Бүгүн, 7-апрелде Түркиянын Анталия шаарында дзюдо боюнча "Гран-При Анталия 2018" аталышындагы мелдештин 2-күнү өттү. Анда эркектер арасындагы 73 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Бектур Рысмамбетов жана Ишен Аманов катышса, 81 килограммга чейинки салмак ченинде Владимир Золоев катышты.

Бектур Рысмамбетов алгачкы беттеште эле жеңилип калды. Анын атаандашы косоволук Акил Жакова 3 мүнөт 25-секундда Рысмамбетовду утуп алды.

Ишен Аманов жарым чейрек баскычтын алкагында орусиялык Лаша Ломидзе менен кездешти. Беттештин аягына 9 секунд калганда Аманов атаандашын көтөрүп чаап, япон менен утуп алды. Чейрек финалдын алкагында Ишен Аманов австриялык Кристофер Вагнер менен күч сынашты. Беттештин кошумча мүнөттөрүндө Вагнер ыкмаларды жасап 1:0 эсеби менен жеңишти илип кетти.

81 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшкөн Владимир Золоев алгачкы беттешинде косто-рикалык Давид Варгастын үстүнөн жеңишке жете алды. Жарым чейрек финалда Золоев британиялык Овен Ливес менен кез келип, кошумча убакыттын 27-секундасында таза жеңишке ээ болду. Чейрек финалдык баскычта Кыргыз дзюдочусу АКШлык Жек Хаттондон жеңилип калды. Хаттон финалга өтө алганы үчүн Владимир Золоев көңүл жубатуучу раундда күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Анда Золоев венгриялык балбан менен кез келип, тилекке каршы, 3 жолу эскертүү алганы үчүн жеңиш венгриялык дзюдочуга ыйгарылды.

Муну менен Кыргыз дзюдочулар аталган мелдештин 2-күнү дагы медалсыз калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан