"Louis Vuitton" мода үйүнүн ээси Европадагы эң бай адам аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, "Louis Vuitton Moët Hennessy" мода үйүнүн ээси Бернар Арнонун байлыгы 70 миллиард долларга бааланган. Арно байлыгынын мындай көлөмү менен испаниялык миллиардер "Inditex" компаниясынын негиздөөчүсү Амансио Ортегудан да ашып кеткен.
Ал эми дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Бернар Арно 4-орунда жазылган. Анда ал "Amazon" компаниясынын ээси Жефф Безостон, "Microsoft" компаниясынын түптөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс жана америкалык ишкер Уорен Баффеттен артта калган .
"Louis Vuitton" - француз мода үйү сумка, саркеч кийим жана аксессуарларды чыгаруу менен алектенет. Аталган фирма 1854-жылы негизделген.