Фейсбук саясий жарнама берүүчүлөргө болгон талаптарды күчөттү

Фейсбук тармагына колдонуучу саясий жаңылыктарды жайгаштыруудан мурда ким каржылап жатканын ачык айтышы керек. Мындай талап тууралуу 6-апрелде Марк Цукерберг маалымат таратканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Цукерберг мындай талаптын коюлушунун негизги себеби - шайлоо учурунда сырттан каржылаган күчтөргө каршы туруу экенин айткан. Ошондой эле шайлоо учурунда талапкердин аты-жөнү түздөн-түз айтылбаган, рассизмге, курал-жарактарга байланышкан жаңылыктарда маалыматтын кенен айтылышын талап кылат. Коюлган талаптарды аткарбаган тараптардын жарыясы чыгарылбайт.

АКШ Конгресси 2017-жылдын соңку айларында социалдык желеге саясий жарыя чыгаргандардын тек-жайын ачык айтууну талап кылган мыйзам кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан