Бир канча мүнөттөрдөн соң жеңил салмак чениндеги чемпиондук үчүн орусиялык Хабиб Нурмагомедов жана америкалык мушкер Эл Яквинтанын беттеши башталат.
Маалыматка ылайык, 8-апрелде орун ала турган "UFC 223" мелдешинин негизги беттеши Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун ортосунда болмок. Анда мушкерлер жеңил салмак чениндеги чемпиондук кур үчүн беттешмек. Бирок Тони Фергюсондун жаракат алып калганына байланыштуу чемпиондук кур үчүн Хабиб Нурмагомедов менен Макс Холлоуэй беттешмей болгон.
Бирок беттешке аз калганда UFC уюму Макс Холлоуэй беттешке чыкпай тургандыгын билдиришкен. Көп өтпөй Нурмагомедов чемпиондук титул үчүн октагонго Эл Яквинта менен чыга турганы белгилүү болгон.
Яквинта өзүнүн спорттук карьерасында 16 беттеш өткөргөн. Алардын он үчүндө жеңүүчү аталса, үчүндө жеңилүү ызасын тарткан.
10:41 Мушкерлер октагонго келе жатышат. Биринчи болуп америкалык Эл Яквинта октагонго чыкты. Экинчи болуп Бүркүт атка конгон Хабиб Нурмагомедов октагонго чыгууда.
10:50 Мелдеш башталды. Эл Яквинта өзүнүн чабуулдарын баштады. Хабиб Нурмагомедов атаандашын буттан алып тейкдаун абалына өттү.
10:54 Орусиялык Нурмагомедов таамай соккуларын узатып Яквинтага турганга убакыт да, мүмкүнчүлүк да бербей жаткан учуру.
10:55 Биринчи раунд соңуна келди. Хабиб үстөмдүк кылууда.
10:57 Экинчи раунд старт алып, Нурмагомедов кайрадан чабуулга өттү. Атаандашын буттан алып жыгып, өзүнүн соккуларын узатууда.
11:02 Нурмагомедов атаандашын муунтуу ыкмасына алып, бирок аны кайрадан коё берип Яквинтанын башына сокку узатууда. Экинчи раунд соңуна чыкты.
11:07 Яквинта Нурмагомедовдун катар менен узатылган соккуларын тосо алган жок. Соккулардан улам Яквинтанын мурду канап жатат, анын узаткан соккулары өз максатына жетпей калууда. 3-раунд аягына чыкты.
11:12 Нурмагомедов беттеште үстөмдүк кылууну улантууда. Бирок Яквинта бул раундда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп чабуулдарга жооп берүүдө. 4-раунд соңуна чыкты.
11:15 5-акыркы раунд башталды. Акыркы раундда Яквинта чабуулга өтүп, өзүнүн акыркы мүмкүнчүлүктөрүн колдонууда. 4 раундда үстөмдүк кылып жаткан Нурмагомедов бул раундда да өзүнүн атаандашын жерге жыгып алып, артынан соккуларын узатууда. Нурмагомедов Яквинтаны муунтуу ыкмасына алганга аракет кылганы менен, майнап чыккан жок.
11:20 Беттеш соңуна чыкты. Мушкерлер калыстардын чечимин күтүүдө.
11:23 Хабиб Нурмагомедов өзүнүн спорттук карьерасындагы 26-беттешин жеңип, жеңил салмак чениндеги чемпион аталды.