Топ-Лига-2018: Бүгүн "Абдыш-Ата" - "Алга" жана "Нефтчи" - "Академия" командаларынын беттеши орун алат

Бүгүн, 8-апрелде футбол боюнча Өлкө биринчилиги Топ-Лиганын алкагында "Абдыш-Ата" - "Алга" жана "Нефтчи" - "Академия" командаларынын беттеши орун алат.

"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алга" (Бишкек)

Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы өз талаасында бишкектик "Алганы" кабыл алат. Оюн "Абдыш-Ата" стадионунда өтүп беттештин башкы калысы Нургазы Чолпонбаев болмокчу.

"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Академия" (Ош)

Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү "Нефтчи" өз талаасында жаңы түзүлгөн Оштун "Академия" командасын кабыл алат. Беттешти башкы калыс Киёмидин Пириев аркалайт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан