Бүгүн хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин финалы орун алат

Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында хоккей боюнча Өлкө биринчилигинин финалы орун алат.

Анда шаардык муз тебүүчү аянтта "Кыргыз темир жол" менен "Ала-Тоо Дордой" командалары кез келет.

Айта кетсек, финалга аттанган командалар жарым финалдык баскычта атаандаштарын ири эсепте утуп алышкан. "Кыргыз темир жол" командасы 18:1 эсебинде "Чолпон-Ата" командасын утуп алса, "Ала-Тоо Дордой" каршылашы "Кеңеш" командасын жалпы 21:5 эсебинде утуп алган.

Финалдык беттеш бүгүн саат 18:00дө старт алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat.97
2018-04-08 14:31:45
Каякта болот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан