Кечээ, 18-июнда саат 20:00дө Нарын облустук администрациясында өкмөттүн өкүлү штаб түзүп, райондордогу администрация башчыларына жыйын өттү. Жыйында башкы маселе катары 17-июнда жааган кардан жабыр тарткан аймактар жана тургундардын абалдары каралып, акыркы алынган маалыматтар тааныштырылды. Маалыматта белгилүү болгондой, учурда атайын түзүлгөн комиссия бул боюнча иш алып барып, тактоо иштерин жүргүзүп жаткан учур. Акыркы билдирүүлөргө ылайык, Долон ашуусундагы кардын калыңдыгы 20 сантиметр, Кара-Кужур жайлоосунда 40-50 сантиметрге жеткен. 16 чабан малы менен тоодон этекке түшүрүлгөн. Буга карабай облус боюнча 270ке жакын кой-козу, ошондой эле бир жылкы кулуну менен өлүп калган. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков: “Малчылар мындай табигат кырсыгын күтүшкөн эмес. Жайлоого чыгарда койлорду кыркындан өткөрүп, жүнүн алышат. Суукка чыдабай жана тоют кар алдында калгандыктан, көбүнчө майда жандыктар кырылды. Ошондой эле талаачылык иштерине да жааган кар кесепетин тийгизбей койгон жок. Биринчи чабык башталар алдында турганда кар басып калды”, - деп билдирди. Мындан сырткары бак-дарактар кулап, электр өткөргүч зымдар карга туруштук бере албай, 65 жерде авария болгон. Алардын 55и калыбына келтирилди. Нарын районуна караштуу 8-март айылындагы көпүрөнү суу алып кетип, райондук борбор менен байланыш үзүлгөн. Ал эми жайыттарды кар каптап калып, малга тоют жок ачкадан өлгөндөрү да бар. Кара-Кужур жайлоосуна жана Солтон-Сарыга 300 боо чөп жеткирилгендиги маалым болду. Учурда сел коркунучун туудурган аймактар эсепке алынып, кооптуу жерлер бекемделүүдө.