Бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарында өткөн хоккей боюнча Өлкө биринчилигин Нарындын "Ала-Тоо Дордой" командасы жеңип алды.
Бишкек шаардык муз тебүүчү аянтта нарындык "Ала-Тоо Дордой" менен "Кыргыз темир жолу" командалары кез келди. Беттеш кызуу өтүп, эсеп саны тез алмашып жатты. Алгачкы таймда "Ала-Тоо Дордой" командасы эсепти 3:1 кылып тыныгууга кетсе, 2-тайм 4:3 эсебинде аяктады. Ал эми жыйынтыктоочу 3-тайм 6:5 эсеби менен жыйынтыкталып, "Ала-Тоо Дордой" жеңишти илип кетти.
Муну менен "Ала-Тоо Дордой" командасы чемпиондукту катары менен 2-ирет камсыздаса, "Кыргыз темир жолу" командасы 2-орунду ээледи. Ал эми 3-орунда "Кеңеш" командасы жайгашты.