Кытай Түндүк Кореяга курал-жарактарды өндүрүүчү материалдарды экспорттоону токтотту

Кытай Түндүк Кореяга курал-жарактарды өндүрүүчү материалдарды экспорттоону токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимге ылайык, адамдарды массалык кыргынга алып келүүчү курал-жарактарды өндүрүүгө багытталган материалдарды Түндүк Кореяга экспорттоого тыюу салынганын Кытайдын соода министрлиги билдирген.

Белгилей кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата санкцияларды киргизүү боюнча бир добуштан чечим кабыл алган. Ага ылайык, аталган өлкө экспорттук, импорттук мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырайт. Резолюциянын дагы бир бөлүмүндө, Түндүк Кореянын жарандарына жумуш берүүгө тыюу салуу каралып, буга чейин Орусиядагы кореялык мигранттар да чыгарыла баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан