Япониянын Хиого аймагында жашаган 73 жаштагы Ёситанэ Ямасаки 42 жаштагы психикалык жактан жабыр тарткан уулун 20 жыл капаста кармаганы үчүн камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ёситанэ Ямасаки иликтөөнүн жыйынтыгында уулун колго жасалган жыгач капаста 16 жашынан бери анын оорусу кармаган маалда камап жүргөнү билинген. 42-жаштагы жаран жалпысынан өмүрүнүн 20 жылын капас ичинде өткөргөн. Атасынын айтымында, уулунун психикалык оорусу күчөгөндө ашыкча агрессивдүү болуп, аны үйдө жалгыз калтыргандан коркуп капаска камап турганын билдирген.
Узундугу 1 метр 80 сантиметр, туурасы 90 сантиметр жыгачтан жасалган капас үйдүн ичинде эмес, эшикте сарайдын жанында жайгашкан. Капастын ичине желдеткич орнотулган. Ямасаки уулуна тамак берип жана эки күндө бир киринтип турган. Дарыгерлер текшергенде 42 жаштагы уулунун ден соолугу чың экени аныкталган.