Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили жумуш тапты

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили жумуш тапты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

"Мен Голландиядагы Спикерлер академиясы менен кызматташууну макулдаштым. Азырынча Европада жашоо үчүн лекция окуп каражат табам", - деп жазды Саакашвили.

Ал өзү жумушка орношкон окуу жайдын эмгек жамаатына жогору баа берип, окутуучулук менен убактылуу алек боло турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, өткөн жылы жазында Саакашвили Польшада жүргөн учурда Украинанын жарандыгынан ажыратылган. Бирок ал тарапташтарынын колдоосу менен чек арадан Украинага өткөн. Украина бийлиги анын өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөнүн айтып депортациялаган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KGstan1981
2018-04-09 12:36:33
Биздин мультимиллионерди дагын жанына чыкырып алса жакшы болмок эле))))Характеринер мындай карасан окшоп кетет.Экоо дагын урду кетти суйлоп коюшат))))
+8
Jelezo
2018-04-09 14:05:13
Брок АШАдан бир топ жакшы иштеген корупцияны токтотуп экономиканы бир топ эсе остургон,грузиялыктардан кандай президент эле деп сурасан 1000 жылда бир келген президент эми мындай жакшы президент келиши кыйын деп айтышат элине кызмат кылган учун макташатда
+6
nurbekasr
2018-04-09 15:20:59
Бирок АШАга караганда бул Саакаш эр жүрөк арстандай.АША жүрөк жок мынчалык.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан