Японияда ит темир жол станциясынын жетекчиси болуп дайындалды

Японияда ит темир жол станциясынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Япониядагы темир жол станциялардын бирөөнө Васао аттуу ит жетекчи болуп дайындалды. Васаого милдетин аткарууга жардамчы катары анын аялы Цубаки жана алардын кызы Тёмэ дагы ишке алынган. Итти салтанаттуу түрдө кызматка дайындоо Аздигасава шаарындагы станцияда болуп өткөн. Васаонун негизги милдети станцияга келген ар бир поездди тосуп алуу болуп саналат.

Васаону мындан бир нече жыл мурун 71 жаштагы сатуучу Сэцуко Кикуя көчөдөн таап алган. Жергиликтүү жашоочулардын бири ит менен түшкөн сүрөтүн интернетке жарыялаган. Бул сүрөт аз убакыттын ичинде эле популярдуулукка жетип, жергиликтүү тургундар Васаону таанып калышкан.

Айта кетсек, 2007-жылы Кинокава шаарындагы темир жол станциясынын жетекчиси болуп Тама аттуу мышык дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
marat88
2018-04-09 11:24:45
Биздеда Бишкек ТЭЦ ке иттерди койуп ошого жегендерин ошого оодарып койушпаса эле болгону.
+17
fortuna-fortuna
2018-04-09 11:34:04
Тамаша го.....
+4
Alinur96kg
2018-04-09 11:41:11
Биз деле 120 ит шайлап алсакпы?Мамлекетке аябай эле эконом болот эле да.
+25
Zainidin96
2018-04-09 14:31:53
Alinur96kg,чын эле ошондой кылыш керек
+7
Okunboim.
2018-04-09 12:04:38
Тоа ал кантип жетекчи болот эле
0
Hacker99
2018-04-09 12:35:44
Ооооой эмне ит жылы келип жанылык только иттер жонундо болуп жатат го хахаха
0
KOCMOC
2018-04-09 12:42:47
Иттер жаман тема го
0
Mamiev
2018-04-09 13:13:38
Бул эми темир жолдун башчысы экен.Бизде мамлекетти башкарып жатпайбы ХХХХХХХХ.ХХХХХХХХ Себеби ит да оз короосун коруйт жоочундардан.А биздин ХХХХХХХх короосун корумак тугул жерин сатат элин да саткандан кайтпайт.Кенин сатып буткону калды.Кенебейт оздорун америка орустардын жерине кетип калчуудай сезишеби.Урпак келечек деген бар жакшылап иштесе жаш муундарга келечек тузсо деген ой да.Бизге жомоктой эле сезилип калды го онугуу жакшы жашоо деген
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан