Ош облусунун Ноокат районунда өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, бүгүн, 19-июнда таңкы саат 4:00дө “101” кызматына Ноокат районундагы аймактык оорукана күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлгөн. ӨКМ билдиргендей, өрт толугу менен өчүрүлгөн жана жабыр тарткандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда.