Эртең парламенттин тийиштүү комитети өкмөттүн бош орун кызматтарына талапкерлерди карайт

Эртең, 10-апрелде парламенттин тийиштүү комитети өкмөттүн бош орун кызматтарына талапкерлерди карайт. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде SUPER.KG порталына депутат Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жыйынында юстиция министри, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы жана өкмөттүн аппарат башчысы кызматына талапкерлерди карайт. "Азырынча кимдердин талапкерлиги карала турганын билбейм" дейт депутат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы талапкерлер боюнча маалымат эртең белгилүү боло турганын билдиришти.

Эске салсак, 3-мартта Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абасканов кызматынан бошотулган. Ал эми өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев 12-мартта отставкага кеткен.

Юстиция министри Уран Ахметов 2-апрелде кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан