ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: Белгилүү актриса Шайыр Касымалиева туулган күнүн жакындары менен белгилей турганын айтты

Бүгүн, 9-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева 51 жашка чыкты. SUPER.KG порталы актрисаны куттуктап байланышып, бүгүнкү пландары тууралуу маалымат алды.

"Маанайым абдан жакшы. Сааттын жебеси түнкү 12ни какканда алгачкылардан болуп кызым куттуктаган. Андан соң туугандар, жакындар куттуктоо сөздөрүн айтышты. Азыр социалдык тармактардагы досторум жылуу сөздөрүн, каалоо-тилектерин арнап кубантып жатышат. Негизи туулган күнгө көп деле маани бербейм. Андыктан бүгүн көп жумуштарымды бүтүрүп алууга план койгон элем. Бирок бүгүн эс алуу күн деп жарыялангандыктан, мамлекеттик мекемелер иштебейт экен. Ал жумуштарымдын баары эртеңкиге калды. Туулган күнүмдү шапар тээп майрамдабайм. Ырымын кылып кечинде туугандар менен үйдө эле белгилейбиз", - дейт актриса.

Шайыр Касымалиева 1967-жылы 9-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган. 1985-жылдан тарта Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайында төрт жыл окуган. Кыргыздын бир канча кино жана сериалдарында роль жараткан актриса 2017-жылы "Махабат" аталышындагы фильмдин сценарийин жазып, башкы каармандын образын аткарган.

9-апрелдин жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ziash85
2018-04-09 14:53:46
Аябай өзүн карап жүрөт да Шайыр эже.51 жашка чыккан айымдай эмес,жапжаш көрүнөт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан