Кечээ, 8-апрелде АКШнын Нью-Йорк шаарында эрежесиз уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм UFC'нин кезектеги мелдеши өттү. Уюм UFC-223 мелдешинин алкагындагы мушкерлердин алган гонорарларын жарыялады.
Хабиб Нурмагомедов (Орусия) - Эл Яквинта (АКШ)
Кеченин негизги беттешинде жеңилүү ызасын тартып көрбөгөн орусиялык Хабиб Нурмагомедов чемпиондук кур үчүн америкалык Эл Яквинта менен беттешти. Алгач чемпиондук кур үчүн Нурмагомедов Тони Фергюсон менен беттешмек, бирок ал машыгуу учурунда жаракат алып калган. Андан кийин бул беттешке Макс Холлоуэй чакырылган. Холлоуэй медициналык текшерүүдөн өтпөй калгандан улам UFC уюму титул үчүн Эл Яквинта менен Хабиб Нурмагомедов беттеше турганын билдирген.
Беттештин жүрүшүндө Хабиб Нурмагомедов атаандашына мүмкүнчүлүк калтырбай, 5-раунддун жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти. Чемпиондук курду тагынган Нурмагомедов 530 миң доллар (беттешке катышканы үчүн 500 миң доллар жана 30 миң доллар сыйлык) гонорарга ээ болду. Ал эми Эл Яквинтанын гонорары 280 миң долларды (беттешке чыкканы үчүн 250 миң жана 30 миң сыйлык) түздү.
Роуз Намаюнас (АКШ) - Йоанна Енжейчик (Польша)
Дагы бир чемпиондук кур үчүн Роуз Намаюнас менен Йоанна Енжейчиктин реванштык беттеши орун алды. 5 раунддук беттештин жыйынтыгында, Намаюнас калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти. Муну менен Роуз Намаюнас алгачкы жолу чемпиондук курун сактай алды.
Бул беттештин жыйынтыгында Роуз Намаюнас 240 миң доллар (100 миң доллар беттешке катышканы үчүн, 100 миң доллар жеңишке жеткени үчүн жана 40 миң доллар сыйлык катары) гонорарга ээ болсо, Йоанна Енжейчик 130 миң долларга (100 миң беттешке катышканы үчүн жана 30 миң доллар сыйлык катары) ээ болду.
Айта кетсек, Роуз Намаюнас UFC-217 мелдешинин алкагында Йоанна Енжейчик менен беттешип, андан чемпиондук курду тартып алган. Анда Намаюнас биринчи эле раундда Енджейчикти техникалык нокаут менен утуп алган.
Забит Магомедшарипов (Орусия) - Кайл Бочняк (АКШ)
Дагы бир орусиялык мушкер Забит Магомедшарипов UFC-223 мелдешинин алкагында америкалык Кайл Бочняк менен беттешти. Беттештин жүрүшүндө Магомедшарипов атаандашына караганда мыкты экенин көрсөттү. Ал 3 раунддун жыйынтыгында 103 таамай сокку узатса, атаандашы 43 сокку гана узата алган. Ошондой эле Магомедшарипов атаандашын 7 жолу жерге кулатса, Бочняк 1 жолу гана кулата алган.
Муну менен Забит Магомедшарипов 81 миң 500 доллар (14 миң беттешке катышканы үчүн, 14 миң жеңишке жеткени үчүн, 50 миң кеченин мыкты беттеши жана 3 миң 500 доллар сыйлык катары) гонорарга ээ болсо, Кайл Бочняк 68 миң доллар (14 миң беттешке катышканы үчүн, 50 миң кеченин мыкты беттеши жана 4 миң сыйлык катары) гонорарга ээ болду.
UFC-223 мелдешиндеги мушкерлердин гонорары:
Энтони Петтис: 135 миң доллар;
Оливер Обин-Мерсье: 95 миң доллар;
Жо Лоузон: 82 миң доллар;
Крис Груэцмахер: 78 миң доллар;
Эван Данэм: 55 миң доллар;
Ренато Мойкано: 54 миң доллар;
Каролина Ковалькевич: 51 миң доллар;
Майкл Киеса: 36 миң доллар;
Фелис Херриг: 34 миң доллар;
Эшли Эванс-Смит: 33 миң доллар;
Девин Кларк: 33 миң доллар;
Пол Фелдер: 30 миң доллар;
Алекс Касерес: 28 миң доллар;
Рэй Борг: 22 миң доллар;
Келвин Каттар: 19 миң 500 доллар;
Бек Роулингс:19 миң доллар;
Брэндон Морено: 16 миң доллар;
Майк Родригес: 13 миң 500 доллар;