ЭЛДИК КАБАР: "Аскер шаарчасындагы жатаканалардын абалы начар, ай сайын берген акчабыз кайда кетет" дейт окурман

SUPER.KG порталынын окурманы Бишкек шаарынын Патриса Лумумбы көчөсүндөгү Аскер шаарчасындагы жатакананын абалын видеого тартып, "Элдик кабар" рубрикасына билдирүү жөнөттү.

Анын айтымында, Аскер шаарчасында 9 жатакана бар, алардын дээрлик бардыгынын абалы начар, оңдоп-түзөөгө муктаж.

"Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик окуу жай жайгашкан Аскер шаарчасындагы жатаканада жашайбыз. 9 жатакананын бир-экөөнүн абалы биз жашагандардан жакшыраак, анткени ал жакта жетекчилер жашайт. Калганынын дубалдары көчүп, полдору түшүп кеткен. Ным тартып, жыты да жагымсыз. Оңдоп-түздөлбөсө балдардын саламаттыгына зыян, ток өткөргөн зымдардын ачык турушу, дубалдын көчүшү, полдордун түшүп кеткен жерлери өмүрүнө кооптуу.

Биз жетекчилерге оңдоп бергиле деп бир нече жолу кайрылдык. Бирок алар "Өзүңөр оңдоп алгыла" дешти. Бул жерде Куралдуу күчтөрдө кызмат кылгандардын үй-бүлөлөрү жашашат. Айына ар бир бөлмөдөн 800 сомдун тегерегинде акча алынат, 9 жатакананын ар биринде 200дөн батир болгондо эле канча деген акча топтолот. Ал оңдоп-түзөөгө жумшалбаса кайда кетип жатат?" - деп жазган ал билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Аскер шаарчасындагы жатакананын абалы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nemo2016
2018-04-10 11:57:15
Бир ажыдардын чонтогуно тушотда,азыр шылтоосун айтып чыгат Кабарды Лекса.
0
RusMos76
2018-04-10 12:22:27
500сомдон топтоп шыбап краскалап алгыла да озунорго дагы жашаганга приятно, аларды кутсон эч качан кылып бербейт 800сомдон толосон арзан эле экен го.
-2
zhaku2017
2018-04-10 13:07:03
Бироолордун кекиртегинен отуп кеткен ачкаларды, кустуруш кыйын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан