Кыргыз спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу боюнча дүйнө рейтингинде 108-орунда жайгашты

Кыргыз Республикасынын жиу-житсу федерациясынын президенти Абдурахманхажи Муртазалиев дүйнөлүк рейтингде 108-орунда жайгашты.

Бир нече ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, Европа чемпиону, Азия чемпиону жана Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси жиу-житсу боюнча дүйнөлүк рейтингде 2013 спортчунун арасында 108-орунду ээледи. Муртазалиев ар түрдүү мелдештерге катышып, 72 упайга ээ болгон. Бул көрсөткүч рейтингде 108-орунга жайгашууга мүмкүнчүлүк берди.

Аталган рейтингде 1-орунду 1095 упай менен бразилиялык Франциско Жонас Боргес ээлеген, 2-орунда 835 упай менен Соуза Жуниору Роналдо жайгашса, 3-орунду 766 упай менен Моура де Азеведо ээледи.

Эске салсак, Абдурахманхажи Муртазалиев январь айында Азия чемпиону болуп, февраль айында Европа чемпиондугун жеңип алган. Ал эми 2017-жылы Дүйнө чемпиондугуна катышып, коло медалдын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан