АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоодо орусиялык 50 ишкер бир күндө 12 миллиард долларын жоготту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Вашингтондун "кара тизмесине" түшкөн ишкер Олег Дерипаска 24 саатта эле 1 миллиард долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөштөрү Владимир Потанин, Виктор Вексельберг дагы ушундай эле жоготууга дуушар болушкан. Ишкерлерге тиешелүү баалуу акциялар бир топ арзандаган.
Ошондой эле бул окуядан бизнесмендер Сулейман Керимов, Леонид Михельсон, Геннадий Тимченко, Владимир Лисин, Роман Абрамович, Вагит Алекперов жана Алексей Мордашов зыян тартышкан.
Белгилүү болгондой, 6-апрелде АКШ Орусиянын бир нече жетекчилерине, саясатчыларына жана президент Владимир Путинге жакын делген миллиардерлерди "кара тизмеге" киргизгендиги маалым болгон. АКШ мындай чечимин "Орусиянын дүйнөгө тийгизген зыяндуу таасирин" жазалоо деп түшүндүргөн.