Францияда шаар мэри цыган аялды кылыч менен коркутканы үчүн камакка алынды

Франциянын Виссу шаарынын мэри Ришар Тренкье мас абалында кылыч менен цыган аялды коркутканы үчүн камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тренкье туруктуу жашаган жайы жок цыган аялды япон кылычы менен коркуткандан кийин, полиция аны камакка алган. Кармалган учурда шаар мэринин жанынан тапанча да табылган. Ал эми цыган аялга шаар башчысы кандай залал келтиргени тууралуу маалымат жок.

Ришар Тренкье буга чейин чуулгандуу билдирүүлөрү менен белгилүү. 2014-жылы ал аялдарга балдар аянтчасына хиджаб кийими менен келүүгө тыюу салган. 1995-жылы муниципалдык полицияны куралданткан биринчи мэр болгону да айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azi81
2018-04-10 14:57:22
Мына сага закон,а бизде ''
0
gulia90
2018-04-10 18:24:09
Коркутмак түгүл өлтүрүп койсо деле камалбайт деп койбойсунбу.
+1
RICH.
2018-04-10 20:21:22
Эхх мына тен укуктуулук мына закон эвропа мамлекеттерине суктанып эле кала бересин кала бересин кала бересин а биздикилерге намысындан куйуттундон олуп калгын келип кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан