Космосто алгачкы мейманкана ачылат

2021-жылы америкалыктар космосто алгачкы мейманканасын ачышат. Бул тууралуу батыш маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Калифорния штатынын Сан-Хосе шаарында “Аврора станциясы” долбоорун баштоо боюнча маселе талкууланган. Станциянын жүргүнчүлөрү космоско 12 күндүк саякатка чыгууга мүмкүнчүлүк алышат. Космосто эс алууну каалоочулар үчүн экипаж мүчөлөрүнөн тышкары 6 кишиге орундук каралган. Эс алуучулар жерди 322 чакырым бийиктикте байкап, орто эсеп менен 16 таңдын жана 16 күндүн батканын көрө алышат. Мындан сырткары туристтерге илимий изилдөөгө катышууга мүмкүнчүлүк болот. Тагыраагы, орбитада азык-түлүк өстүрүлүп, ылдамдыгы бат интернеттин жардамы менен виртуалдык дүйнөнүн технологиясын өздөштүрө алышат.

Долбоордун негиздөөчүсү Фрэнк Банжеранын айтымында космостогу люкс номерлүү мейманкана 2022-жылы алгачкы эс алуучуларды кабыл ала баштайт. Боштуктагы 12 күндүк эс алуу үчүн туристтер 9,5 миллион доллар төлөшөт. Космоско учуу алдында туристтер 3 ай даярдоо окуусунан өтүүсү шарт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Gulnyr19
2018-04-10 09:03:21
Охоо 9.5миллион доллар
0
ziash85
2018-04-10 09:06:27
Миллиардерлер эле барбаса....9.5 миллион долларга жерде деле космостогудай жашаса болот
+8
kechirmeni
2018-04-10 09:19:07
Мен космос эмес ажыга ата энеми бир туугандарымы жубайымы перзенттерими ажыга алып барсам арманым жок эле
+4
Ka2sr1
2018-04-10 10:24:04
kechirmeni,
Ажыга барбаса койсун. Мен ажыга эмес, япония кытайга окшогон онуккон олколорго барып билим алып, алардын технологиясын уйронуп келсем арманым жок эле. Бул дуйнодон откон бейиш бар бекен. Билим технология деген кандай керемет.
-7
kechirmeni
2018-04-10 12:23:56
Ka2sr1,Туура айтасын, окуу парз бирок ажыга баруу негизги беш парздын бири
-1
PROS
2018-04-10 09:46:48
Биздин мультимиллионер барат болду бекен?))
-2
Zainidin96
2018-04-10 10:14:33
PROS,ким ал
-2
nurik903
2018-04-10 10:40:13
эмне кылсан да бир кун олосун акыретти ойлонойлу туугандар
+4
Mirlan27011987
2018-04-10 12:04:09
nurik903,
Олгондун артынан олмок жок. Олугунду эмес тирилигинди тиле. Кудайчылар. Силерди дин сокур кылып бутурду. Олумду суйлоп, тируулордун олугун эмне кыласынар. Динчилдер.
-5
Mamiev
2018-04-10 12:23:21
Mirlan27011987,Тируундо олумду коп эстеп жаша.Олбоочудой олумду унутсан кантип болсун.Олумду эстеп турсан жан дуйнон тазарат куно иштерди аз жасайсын.Динчилдер эмес силерге окшогон динсиздер сокур болуп бутту баарын унутуп
+3
aza84
2018-04-10 20:11:02
А менин тилегим асты менен кыргызстандын 7бурчун кыдырып алсам эле жетет эле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан