АКШ дүйнөдөгү бардык маалымат каражаттарын жана активдүү блоггерлерди байкап туруу үчүн тендер жарыялады

Интернетте фейк жаңылыктарды таратууну токтотуу максатында АКШнын Ички иштер министрлиги дүйнөдөгү 290го жакын маалымат булактарын көзөмөлдөөчү системаны ойлоп табуу үчүн тендер жарыялады. Мындай маалыматты чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Бүт артыкчылыктарды камтыган система белгилүү массалык маалымат каражаттарын, чет өлкөлүк кабарчыларды жана интернеттеги активдүү блоггерлердин эмне деп жазып жатканын өзүнүн маалымат базасына камтуусу керектиги жазылат маалыматта. Ошондой эле ал аппарат керектүү медиаперсоналардын байланыш телефондорун, өздүк маалыматтарын жана кайсы жерде жүргөндүгүн аныктоосу шарт. Ал эми мониторинг системасы 100 тилде маалымат топтоп, автоматтык түрдө англис тилине которуп берип туруусу кажет.

АКШлыктардын жогорудагы талабындай ири маалымат базасын камтыган мониторинг системасын ойлоп табуу ишке ашабы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок иш билги, потенциалы күчтүү компаниялардан сунуштар күтүлүп жатканы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaku2017
2018-04-10 10:34:27
Акыр замандын авторолору да ушулар болуп калышты окшойт. Бир эле кнопкасын басса дуйнонун бырын -чырыны чыгып кетет.
+2
aIways-here
2018-04-10 11:06:26
zhaku2017, Жакшы да кнопкасы АКШда болгону. Башка мээси иштебеген азия олколору АКШнын оордунда болгондо эчак кнопканы басмак. Кудай да бийлик байлыкты көтөрө алганга берет демекчи, көтөрө алчуу АКШга дуйнолук лидерликти берди. Эгерде Иранга же Кытайга окшогон олколорго берип койсо эмне болмок билбейм.
+1
PROS
2018-04-10 13:59:34
aIways-here, Иранда андай мүмкүнчүлүк жок бирок Кытай менен Россия АКШдан ашса ашат кем калышпайт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан