Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) футбол боюнча Дүйнө чемпиондуктардын тарыхындагы мыкты голду аныктады. Бул тууралуу маалымат федерациянын расмий сайтында жарыяланган.
Эң мыкты гол деп мексикалык Мануэль Негрете Ариастын голу аталган. 1986-жылы Мексикада өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун жарым чейрек финалынын алкагында Мексика курамасы Болгария менен кез келген. Беттештин 36-мүнөтүндө Негрете атаандашынын айып аянтчасынан сокку узатып, гол киргизген.
Айта кетсек, Мексика командасы бул беттеште 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.