Депутат чет өлкөдөн уурдалып, Кыргыз мамлекетинин аймагынан табылган унаалардын тагдыры тууралуу сурады

Депутат Улукбек Ормоновду чет өлкөдөн уурдалып, Кыргыз мамлекетинин аймагынан табылган унаалардын тагдыры кызыктырды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында сурады.

"Интернетке жарыялаган кайрылууда "айрым уурдалган унааларды депутаттар минип жүрөт" деп айтылган. Муну тактадыңыздарбы?", - деп суроо салды эл өкүлү.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев 45 унаа боюнча тергөө иштери улантылып жатканын айтты. "Тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, кайсы унаа кимге катталганын айта албайбыз" деп жооп берди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Айнура Туйбаева унаалар сырттан алынып келип жатканда уурдалган же уурдалбаганын көрө алышпай турганын айтты. "Биздин кызматкерлер унаанын уурдалганын чек арадан дароо көрө алышпайт. Уурдалганы кийин билинип калып жатат", - дейт Туйбаева.

Депутат Ормонов жоопко канааттанбаганын билдирди. "Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери уурдалган унаалар кандай жол менен алынып келе турганын эң жакшы билишет. Жетекчилер, силер билбейсиңер. Кылмыш иши сентябрь айында козголсо, эмне үчүн азыркыга чейин созуп жатасыңар? Аныктап чыгышыңар керек эле", - деп талап кылды Ормонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан