Депутаттар өкмөттүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын сындады

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети өкмөттүн отчётун карап жатат. Отчётту вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев берип жатат.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова өкмөт "Жаңы доорго 40 кадам" эмес, 5-6 гана приоритеттүү багытта жеткиликтүү иш алып баруусу керектигин айтты. "Жаңы доорго кырк кадамыңар" качан ишке аша турганы белгисиз. Андан көрө 5-6 багытты тандап, аягына чыга турган иш кылсаңар болмок. Биз азыр сырттан алынган насыянын 70 пайызын жол курууга жумшап жатабыз. Алынган карызды кайра жабуу үчүн акча тапчу заводдорду салсак жакшы болот эле", - деди Мавлянова.

Анын сунушун башка эл өкүлдөрү да колдоого алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан