Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте өлкөдөгү сот системине арналган тегерек стол өтүүдө. Анда экс-депутаттар, мурдагы чиновниктер, активисттер жана саясий ишмерлер катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө парламенттин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурундагы сотторду сынга алды. "Атамбаевдин учурунда соттор менчик ишканадай иштеди. Ак Үй кандай чечсе, соттор ошону аткарып жатты. Сот тармагы тебелендиде калды. Ак Үйдүн буюртмасын аткарган соттордун баарын жазага тартыш керек. Сотторго көз карандысыз укукту бермейин бул тармак өз алдынча боло албайт", - деди Келдибеков.
Мурдагы депутат Улукбек Кочкоров: "Атамбаевдин учурунда сот тармагы жете турган жерине жетти" деди. "Президентке Улуттук кеңешти түзүү сунушун беришибиз керек. Ошол улуттук кеңеш сот тармагын жакшыртуу жолдорун иштеп чыгат", - деп сунуштады Кочкоров.
Аны менен экс-депутат Исмаил Исаков макул болду. "Шайлоо учурунда уруу-урууга, көчө-көчөгө бөлүнгөн өлкөдө адилеттүү сот болбойт. Өлкөдөгү мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлиги болгон 3 бутактын бирин гана алмаштырып койгондон сот тармагы өнүгүп кетпейт. Жалпы башкарууну адилеттүүлүккө жеткиришибиз керек. Менин сунушум: Улуттук кеңеш түзүшүбүз керек жана сот тармагы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын алышыбыз керек", - деди Исаков.